ДССУ: Коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн алты чара киргизүү зарыл

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус өлкөлөргө киргизилген карантин ооруну толугу менен жок кыла турган чара эместигин билдирди. Анын айтымында, өлкөлөр коронавирусту жеңүү үчүн кошумча дагы алты чара колдонуш керек.

  • Биринчиден, саламаттык сактоо мекемелериндеги жана коомдук саламаттык системасындагы кадр ресурстардын санын көбөйтүү, даярдоо жана аларды бөлүштүрүү.
  • Экинчиден, ооруну жуктуруп алууга шектүү жарандарды жергиликтүү коомчулук деңгээлинде табуу системасын ишке ашыруу.
  • Үчүнчүдөн, коронавирусту аныктоочу тесттердин өндүрүшүн түптөө жана көбөйтүү. Ошондой эле диангоз койгон кызматтардын кубаттуулугун жогорулатуу жана тестирлөөнү жеткиликтүү кылуу.
  • Төртүнчүдөн, бейтаптарды обочого алган жана дарылаган (ооркуна болбогон) имараттарды кайрадан жабдуулоо жана керектүү нерселер менен камсыз кылуу.
  • Бешинчиден, оорулуулар менен карым-катнашта болгондорду карантинге алуунун планын жана тартибин иштеп чыгаруу.
  • Алтынчыдан, коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн жана аны менен күрөшүү үчүн бардык мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн жумшоо.

«Бул чаралар ооруну токтотуу жана жайылтпоо үчүн эң эффективдүү ыкма. Ошондой эле бул чаралар киргизилген чектөөлөрдү алып салгандан кийин коронавирустун кайрадан кайтып келүүсүн алдын алат», — деди Гебрейесус.

ДССУнун башчысы 200 миңден ашуун жаранга жана мекемелерге ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө алардын жардамы менен COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берүү тилектештик фондуна 95 миллион доллар чогултулганын билдирди.

Бүгүнкү күндө коронавирус дүйнөнүн 177 өлкөсүндө катталган. Ооруну жуктуруп алгандардын саны 723 740ге жетти — алардын 152 042и айыгып, 34 018и каза тапты. Кыргызстанда коронавирус шарттаган инфекциялык оору жуктургандардын саны 84кө жетти.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция