«Акун» ун чыгарууну убактылуу токтотту

Компания 2-апрелде «Бишкек тегирмен комбинаты» менен «Акун» заводдорунда ун чыгаруу өндүрүшүн аргасыздан токтотконун кабарлады.

Компаниянын билдирүүсүндө продукцияны өндүрүүгө жооптуу кызматкерлер «кезектеги жолу» милициянын блокпостторунан өтө албай калышканы айтылат.

«Өткөрмө [барагын] алуу үчүн документтер бир жума мурда эле тапшырылганына карабастан, өткөрмө барактары ошол бойдон берилбей, ал эми биздин тапшырган документтер жоготулган [...] Биз өкмөттөн ун чыгаруу үчүн жооптуу заводдун кызматкерлерине, ошондой эле улпак сатып алып жаткан дыйкандарга өткөрмөлөрдү берүү маселесин жеке көзөмөлгө алуусун суранабыз», — деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрү мал-жандык үчүн улпак сатып алып жаткан дыйкандарды жана орунжайды ун үчүн бошотуп берип жаткандарды кампаларга блокпоттон өткөрбөй жатышканына даттанышкан. Эгер өкмөт бул маселени «тез арада» чечпесе, дыйкандар этке болгон бааны көтөрүүгө аргасыз болушат.

Ишкананын маалыматына ылайык, күнүнө ал 140 тоннагы чукул буудайды иштетет — бул болсо 90 тоннага жакын ун. «Акундун» ээси болуп депутат Чыныбай Турсунбеков эсептелет.