Кыргызстанда коронавирус шарттаган илдеттен дагы 2 адам айыкты

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун эки тургуну өпкөнү сезгенткен оорудан айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов 2-апрелде өткөн брифингде билдирди.

«[Коронавирустан] айыккандардын саны бешке жетти. Алардын үчөө Жалал-Абад облусттук ооруканасында, экөө Ала-Бука аймактык ооруканасында дарыланып чыгышты», — деди Мамбетов.

Ошондой эле Ош облусундагы Ноокат аймактык оорукананын инфекционист дарыгери дагы бир нече бейтаптын абалы жакшырганын жана алар үйгө чыгарууга даярданып жатканын билдирген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 116га адамга жетти. Алардын 54ү Жалал-Абад облусунда, 40 адам Ош облусунда, үчөө Баткен облусунда, Чүй облусунда 13 адам, төртөө Нарын облусунда, экөө Ысык-Көл облусунда катталды. Ошол эле маалда беш адам аталган вирустан арылды.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция