Бишкекте жылуулук берүү 4-апрелде өчүрүлөт

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы батирлерге жылуулук берүү 4-апрелден тарта өчүрүлөөрүн кабарлады. Бул тууралуу буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Ушуну менен Бишкекте жылуулук системасы экинчи жолу өчүрүлүп жатат. Биринчи жолу жылытуу сезону 19-мартта аяктаган, бирок беш күн өткөндөн кийин кайра жандандырылган болчу. Жылуулук берүү күн сууктап, анын ичинде коронавирустун жайылып кетишине байланыштуу кырдаалдан улам убактылуу берилген.

Эреже боюнча, эгер абанын суткалык орточо температурасы беш күн удаасы менен +8 градус болсо, жылытуу сезону аяктайт.