Каракол: Мэрия коронавирустан улам көп кабаттуу үйдүн эшигин ширетип салган

Турак үйдүн эшигине бир нече саат мурда ширетилген темир тор. Сүрөт: Алена Хоменко

Каракол шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн ширетилип бекитилген эшиктери тууралуу биринчилерден болуп «Сейчас.kg» телеграм каналы кабарлаган. Авторлордун маалыматына караганда, эшикке кулпу салына турган илмектерди ширетишкен, ал эми бир подъездди темир тор менен жабышкан.

Эшиктердин жабылышы тууралуу башка кыргыз ЖМКлары да жазып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча, Каракол шаарынын мэриясы подъезддердин эшиктерин чын эле ширетип койгон, анткени ал үйдө коронавирус анализи оң болуп чыккан эркек киши турган.

Подъезддердин күчтөп жабылышы тууралуу Караколдогу журналист Алена Хоменко да кабарлаган. Ал өзүнүн фейсбуктагы барагында жабылган подъезддердин эшиктериндеги кулпулардын сүрөттөрүн жарыялаган.

Для информации!!!На фото тот самый дом в районе кирпичного завода в городе Каракол. Там действительно все двери...

Posted by Alena Homenko on Sunday, April 5, 2020

«Мэрия бүт эшиктерди ачып койду, алар эшиктерди ширетишпегендей кылып расмий жарыя жасашты. Бирок мен бул жерде эртең мененки 7:30 болгом, эшиктер жабык болчу», — деп билдирди Хоменко «Клоопко» курган маегинде.

Каракол мэриясынын басма сөз кызматы эшиктердин ширетилип бекитилиши тууралуу маалыматты төгүндөп, үйдүн эшиктерин эч ким ширеткен эмес деп маалымдады. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, жөн гана подъезддердин эшиктерин оңдошкон. Бирок учурда бул үй карантинге алынды.

«[...] COVID-19дун белгилери аныкталган жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалабагандыктан, үйгө өзгөчө карантин макамын берүү чечими кабыл алынган», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Каракол — Ысык-Көл облусундагы эң ири шаар. Бул аймакта жалпысынан коронавирус үч адамда аныкталган, ал эми өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны 216га жетти. Коронавирус аныкталган төрт адам каза тапкан.