Видео: Өзгөн районунун тургундары азык-түлүктөн жардам сурап элге кайрылышты

Ош облусунун Өзгөн районунун Тогуз-Булак айылынын 50дөй тургуну азык-түлүктөн жардам сурап видео кайрылуу жасашты. Тасмада айыл тургундары жол жабык болгондуктан тамак-аш сатып келе алышпай жатышканын, камдалган азык түгөнгөнүн айтышкан.

Ошондой эле элеттиктер айрымдардын акча каражаттары жок калып, мал сатайын дешсе базар жабык болгонун айтып кейишкен.

«Сиздерге кайрылып жаткандыгыбыздын себеби, азык-түлүккө муктаж болуп турабыз. Ушул жагынан бир аз көмөктөшүп турсаңыздар. Мүмкүн болсо май, ун, чай, гүрүч керек болуп турат, ушул жагынан көмөктөшүңүздөр […] Жол тосук, базар жабык, пенсия жана жөлөкпул бериле элек, аны албагандар да бар», — деп айтылат кайрылууда.

«Клооптун» журналистине аталган айылдын тургуну Эламан Коргонбай уулу видеокайрылуу 4-апрелде тартылганын кабарлады. Ошондой эле айылда 70тей түтүн жашаарын айтты.

«Биздин айылга чындыгында жөнөкөй унаа да бара албайт. Ал жак өзү жайлоо. Адамдар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен жашашат», — деди Коргонбай уулу.

Ал эми Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Полот Боркошев 4-апрелде социалдык жардам катары 40 кап ун келгенин жана аны беш айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатканын айтат. Бирок аталган жардамдан Тогуз-Булак айылынан 11 муктаж болгон үй-бүлө гана алган.

«Биздин айыл өкмөттө беш айыл бар. Анын баарына жетпейт, ошондуктан өтө муктаждарга, майып балдары барларга, мал-жандыгы аздарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө гана бөлүп беребиз. Анан Кара-Таш айылы өкмөтү боюнча эки камок иштеп жатат. Ал айыл [Тогуз-Булак] бизден 3-4 км алыс тургандыктан, ал тургундар ат менен эшек менен келип соода кылып кетишсе болот. Буга чейин ошентип эле жүрүшкөн», — деди Боркошев.

Мындан сырткары Боркошевдин айтымында, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевден жардам катары келген 36 кап ун жана май бөлүштүрүлүп жатат. Бул жардам да муктаждарга берилет деп кошумчалады ал.

Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев социалдык төлөмдөр жана маяналар 7-апрелде бериле баштаарын кабарлады. Анын айтымында аны почтанын кызматкери таратат. Мындан сырткары Алайчиев Тогуз-Булак айылынын тургундары жергиликтүү бийликке кайрылышса, маселени чечмектигин айтат.

25-марттан тартып Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна жана Ош шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарында жана Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Ошол учурда аталган аймактарда коронавирус катталган болчу.

Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Кийинчерээк коронавирус Өзгөн районунун үч жашоочусунда да табылган. 6-апрелге карата Кыргызстанда өпкө илдетин жуктургандардын саны 216 адамга жетти. Анын 43 пайызы Ош облусунда катталды.

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген аймактарда жолдор тосулуп, блок-посттор коюлган. Жашоочулар бир гана азык-түлүк сатып алууга, дарыканага жана ооруканага бара алышат.