Бийлик бизнести толугу менен кредит жана салыктардан бошото албайт — Асрандиев

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелде басма сөз жыйында билдиргендей, өлкөнүн бюджети бизнести коронавирустун пандемиясы учурунда салыктан бошото албайт.

«Өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй бизнести толугу менен салык төгүмдөрүнөн бошотуп же кайтарымсыз түрдө кредит бере албайт. Биздин бюджет андай кыла албайт жана абалды терең түшүнүү керек. Биз жарандардын алдында республикалык бюджеттен каржыланган милдеттенмелерибизди аткарышыбыз керек — бул пенсия, пособия жана айлык акыларды төлөө», — деп билдирди Асрандиев.

Анын айтымында, бийлик бизнеске колдоо көрсөтүш үчүн эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок аны «[бизнестин] бардык тармактарына көрсөтүү мүмкүн болбойт».

«Ошондуктан биз критерийлердин негизинде артыкчылыктарды коёбуз: көп жабыркаган бизнестин түрлөрү же болбосо калктын максималдуу жумуштуулугун камсыздай ала турган бизнестин түрлөрү. Же болбосо социалдык экономикалык эффекти тез бере турган бизнестин түрлөрү. Мына ушул бизнестин түрлөрүнө биринчи кезекте колдоо көрсөтүлөт», — деди ал.

Мындан тышкары, ал банктар кредиттер боюнча мөөнөттөрдү үч айга жылдыруу боюнча Улутттук банктын сунуштамасын аткарып жатканын кошумчалады. Кеп зайымчынын кредитинин негизги бөлүгү тууралуу гана болууда, ошол эле маалда пайыздарды баары бир деле төлөөгө туура келет.

«Пайыздарды токтото туруу же аларды жокко чыгаруу боюнча, биз бул жерде түшүнүшүбүз керек, банктар насыялоону жарандардын депозиттери жана салымдарынын эсебинен ишке ашырышат, ушул салымдар жана депозиттер боюнча пайыздардын кошулуп эсептелиниши токтотулуп же жокко чыгарылбайт. [...] Кредиттер боюнча пайыздарды токтото туруу — бул өтө кыйын суроо. Мамлекетте пайыздардын төлөнүшүнө кетчү чыгымдарды коменсация кылуу мүмкүнчүлүгү жок», — деди ал.

Коронавирус пандемиясынын айынан мекемелердин көбүнүн жабылышы ишкерлерге каттуу сокку уруп, ошондуктан алар өкмөттөн жардам сурашкан.

18-мартта коронавирус жуктуруунун биринчи учуру катталгандан кийин бийлик өлкөнүн ири шаарларында, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда өзгөчө абал тартибин киргизген. Мындан тышкары, адамдар кечки саа 20:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин көчөгө чыга алышпай турганын шарттаган коменданттык саат киргизилген.

Өзгөчө абал тартибине байланыштуу бийлик азык-түлүк дүкөндөнрүнөн башка соода түйүндөрүн жапкан. Кафелер да жабылган, бирок алар тамак-аш жеткирүү ишин аткарса болот. Өлкөнү азык-түлүк, медтовар жана биринчи керектөөдөгө буюмдар менен камсыздаган ишканалар гана иштей алышат, калган бардык ишканалар жабык.