Өлкөдө коронавирус 19 медкызматкерге жукту

Иллюстративдик сүрөт. Темир Сыдыкбеков / RFE / RL

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов сутка ичинде 7 медкызматкерде COVID-19 аныкталганын кабарлады.

7-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 19 адамга жеткен.

«Клиникалык симптомдору жок, алардын коранавируска карата тести оң. Алардын бардыгы ооруканага жаткырылды, антивирустук дарыларды алып жатышат», — деди министр.

Абдыкеримовдун айтымында, оору жуктуруп алган дарыгерлерге кандай кун төлөнөөрүн атайын комиссия чечет.

«Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүү маселеси каралып жатат. Компенсациянын суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат», — деди Абдикеримов.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги Ошто медкызматкерлер коронавирусту кантип жуктуруп алышканын аныктайт. Ал медиктер эрежелерди сактабагандыктан вирусту жуктуруп алышкан болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Баарынын атайын кийими бирдей. Анын сапатына шек жок. Биз медиктерди карап чыгабыз. Балким алар бардык инструкцияны сакташкан эмес», — деди Сабиржан Абдикаримов.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 228 адамды түздү. Пандемия учурунда 4 адам каза тапты.