Бийлик коронавирустун шартында калкка жана ишкерлерге жардам бере алабы?

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелде өткөн басма сөз жыйында бийликтин калкка жана бизнеске көрсөтүп аткан жардамы тууралуу айтып берди. «Клооп» аткаминердин коронавирустун пандемиясынан улам өтө начарлап кеткен өлкөдөгү экономикалык абалы тууралуу негизги билдирүүлөрүн чогултту.

Кризистен чыгуунун кыска мөөнөттүү планы

Бийлик эки-үч айга ырасталган кыска мөөнөттүү антикризистик планды аткарып жатат.

Биринчи максат — бул жарандардын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Өкмөт калктын социалдык жактан аялуу катмарына азык-түлүк жеткирүү түрүндө жардам берүүдө.

Экинчи максат — бизнести колдоо. Бизнес үчүн шарттарды жеңилдетүү киргизилди. Алар негизинен салык, социалдык төгүм, маммүлктүн ижарасы жана коммуналдык кызматтар боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдырууну караштырат. Отчёт берүүлөрдүн мөөнөтү 2020-жылдын октябрына чейин жылдырылды.

Кирешесиз калган үй-бүлөлөрдү колдоо

Асрандиевдин айтымында, бийлик күнүмдүк кирешеси жок калган жана азык-түлүк сатып алууга мүмкүнчүлүгү жокторго жардап берип жатат.

«Биз мэрия жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте күнүмдүк акча таап жашаган адамдардын тизмесин түзүп жатабыз. 3-апрелден бери азык-түлүк топтомдорду таратуу иштери жүрүп жатат. Ага азык-түлүктөрдүн негизгилеринин 5-6 түрү кирет жана жакынкы эки аптага эсептелинген. Бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттер менен бизнестин ресурстары тартылды», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, алдын ала түзүлгөн тизме боюнча өлкөдөгү 210 миңге жакын үй-бүлөгө мындай жардам көрсөтүү пландалып жатат.

Бизнеске салыктарды төлөп, кредиттерди төгүүгө туура келет

Асрандиевдин айтымында, өлкөнүн бюджети бизнес үчүн салыктарды кечүүгө мүмкүндүк бере албайт.

«Биз кайтарымсыз ресурс, салыктарды кечүү берилген өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын кайталай албайбыз. Тилекке каршы, бюджетибиз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз аны жасоого мүмкүндүк бере албайт. [...] Түз элей айтайын, салыктардын жана социалдык төгүмдөрдөн бошотууга баруу кыйын болот», — деди вице-премьер.

Ал бизнести салыктардан бошотуу түз эле бюджетке жана бийликтин бюджеттен акча алгандардын айлыгын, пенсия жана пособияларын төлөөгө кедергесин тийгизээрин кошумчалады.

Асрандиев бийлик бизнестин кредит төлөөгө чыгымдарын жаап бере албасын билдирди.

«Пайыздарды токтото туруу же аларды жокко чыгаруу боюнча, биз бул жерде түшүнүшүбүз керек, банктар насыялоону жарандардын депозиттери жана салымдарынын эсебинен ишке ашырышат, ушул салымдар жана депозиттер боюнча пайыздардын кошулуп эсептелиниши токтотулуп же жокко чыгарылбайт. [...] Кредиттер боюнча пайыздарды токтото туруу — бул өтө оор маселе. Мамлекетте ошол пайыздардын төлөнүшүнө кетчү чыгымдарды коменсация кылуу мүмкүнчүлүгү жок», — деди ал.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев өзгөчө абал тартиби учурунда камсыздоо төгүмдөрүн төлөө боюнча коюмдарды азайтуу каралбаганын билдирди.

«Айрым категорияларга камсыздоо төгүмдөрүн азайтуу Соцфонддун бюджетинен жоготууга алып барат. Аталган жоготууларды жабуунун булактары табылган учурда гана бул маселени карап көрүүгө мүмкүндүк болот», — деп билдирди ал.

Бийлик донорлордон жардам сурап жатат

Вице-премьер-министрдин айтымында, өкмөт бизнеске жардам берүү боюнча эл аралык уюмдар менен каражат бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Сүйлөшүүлөр Орусия менен жүргүзүлүүдө, анткени Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунда убактылуу эркин каражаттар бар.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен 100 млн доллардан 150 млн долларга чейинки суммадагы жардам берүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр болуп өттү. Вице-премьердин айтуусу боюнча, ЕРӨБ гранттык негизде 50% чейинки каражат бөлүп берүүгө макул.

Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бирок бардыгына эле жардам тийбейт

Асрандиев «[бизнестин] бардык тармактарына жардам берүү мүмкүн болбосун» билдирди.

«Ошондуктан биз критерийлердин негизинде артыкчылыктарды коёбуз: көп жабыркаган бизнестин түрлөрү же болбосо калктын максималдуу жумуштуулугун камсыздай ала турган бизнестин түрлөрү. Же болбосо социалдык экономикалык эффекти тез бере турган бизнестин түрлөрү. Мына ушул бизнестин түрлөрүнө биринчи кезекте колдоо көрсөтүлөт», — деди ал.

Терең кризисте турган кафе жана ресторандарга жардам боюнча суроого жооп берип жатып вице-премьер-министр аларга «жеткирүү кызматтарына басым кылууну» кеңеш кылды.

Азырынча узак мөөнөттүү антикризистик план даярдалууда

Асрандиевдин айтымында, өкмөт жаңы антикризистик пакеттерди даярдап жатат.

«Учурда 2020-жылдын аягына чейинки чаралар иштелип жатат, алар экономиканын жандантууга жана калыбына келтирүүгө багытталат. Менин оюмча, жакынкы аптада биз бул чараларды көрсөтүүгө даяр болобуз. Андан ары узак мөөнөттүү перспективага — жакынкы үч жылга арналган чараларды иштеп чыгуу керек», — деп айтты вице-премьер-министр.