Ухань эки айлык обочодон кийин ачылды. Шаардан 60 миңден ашуун адам чыгып кетти

Январь айында коронавирустун биринчи учуру аныкталган Кытайдын Ухань шаары 76 күнгө созулган обочодон кийин ачылды. Автоунаа, темир жол жана авиа каттамдар кайрадан ишке кирди. Шаар инфекция жуктуруунун жаңы учурлары катталбай калгандан кийин ачылган. Reuters басылмасы акыркы 21 күн ичинде Уханда жаңы үч учур гана катталганын жазган.

AP маалымдагандай, шаар ачылгандан кийин 65 миң адам чыгып кеткен, бирок жергиликтүү бийлик адамдардан кайра вирус жуктуруп албаш үчүн Уханьдан кетпөөнү суранган.

Уханда супермаркеттер менен соода борборлору ачылып, полиция коргонуу тосмолорун жыйнаштырып салган.

Кытайда коронавирус жуктуруунун 82 780 ашуун учуру катталган, анын ичинен 67 800 ашуун учуру Ухань шаары жайгашкан Хубэй провинциясында аныкталган. 64 140 бейтап айыгып, 400дөн бир аз ашуун адам жуктурган бойдон калууда жана 3 213 адам каза тапкан.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруунун бир миллион төрт жүз миңден ашуун учуру катталган. 82 миңден ашуун адам каза таап, 301 700 бейтап айыккан.