Обсервациянын көбүндө шарт начар, анткени имараттар стационарларга ылайыкталган эмес — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев обсервация пункттары уюштурулган көптөгөн орунжайлар стационарлар үчүн ылайыкталбаганын билдирди. Көбүнесе мындай карантин аймактарын жатакана жана мейманканалардын аймагында уюштуруп келишет.

«Бейтап же байланыштуулар кармалып аткан имараттарда шарт жок. Чындыгында эле көптөгөн имараттар стационар үчүн ылайыкталган эмес. Бирок биз шарттарды максималдуу жакындатыш үчүн бардыгын кылып жатабыз, обсервацияда жаткандар өздөрүн үй жана стационар шарттарында жүрүшкөндөй сезиши үчүн. Биз обсервацияларда мейманканаларда ачканыбызды билесиңер, жеке сектор өз орунжайларын берип жатат. Бул планда иш жүрүп жатат», — деди ал.

8-апрелге карата маалымат боюнча, учурда 1097 адам обсервацияда. Обсервациялар өлкөдө алгачкы коронавирус жуктуруу учурлары катталгандан кийин уюштурула баштаган. Ал жакка чет мамлекеттен келген жарандар жайгаштырылган.

Аталган орунжайларга жайгаштырылган адамдар дээрлик дароо эле шарттардын жоктугуна даттанып башташкан. Бишкекке жакын АКШнын мурдагы аскер базасына жайгаштырылгандар бир топ жолу даттанышкан Анда Саламаттык сактоо министрлиги «обсервацияларда үйдөгүдөй шарт болбойт» деп билдирген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 280 учуру катталган, анын ичинен 10 учуру соңку суткада аныкталан. Жуктуруунун эки жаңы учуру медиктерде катталып, жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 34 адамга жетти.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.