Екатеринбургдан кайтып келген 17 мекендештин коронавируска тапшырган тести таза чыкты — ССМ

6-апрелде Екатеринбургдан Кыргызстанга 17 кыргызстандык кайтып келген. Ал эми 9-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги алардын ичинен төрт адамда тест коронавирус аныкталганын кабарлаган.

Бирок бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Кыргызстанга учуп келген бардык 17 адамдын тести таза чыкканын билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинен кыргызстандыктардын тест тапшырууга байланыштуу маалыматын тактоо аракетинен майнап чыккан жок.

Республикалык штаб Екатеринбургдан кайтып келгендердин көпчүлүгү обсерваторго жөнөтүлүп, бирок 17 адамдын ичинен бешөө ооруканага жаткырылганын маалымдаган болчу.

Кайтып келген 17 адамдын арасында Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкулов да болгон — ал ооруканага жөнөтүлгөн беш адамдын бири болгон. Курманкулов 2019-жылдын август айынын башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу учурунда алган жаракатынан кийин Орусияда дарыланып жаткан болчу.

Анда милиционер башына тийген таштан улам комага түшүп, сентябрдын орто ченинде гана өзүнө келген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, офицер өз алдынча басып сүйлөөгө жарап калганы менен дагы деле реабилитацияга муктаж.