Коронавирустан айыккан дагы тогуз адам ооруканадан чыгарылды

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан айыккан тогуз бейтап ооруканадан чыгарылганын кабарлады. Ооруканадан чыккандардын саны 39 адамга жетти.

Анткен менен жуктургандардын саны да өстү — 18 адам. Өлкөдө жуктургандардын жалпы саны 298 учур — бул айыгып жана кайтыш болгондорду кошуп эсептелгендеги сан. Ал эми коронавирустан болсо беш адам каза тапты. 254 адам стационарда калууда, алардын ичинен сегизи оор абалда.

Жуктургандардын көбү Ош облусунда — 98 адам. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда да жуктургандар көп — 89 адам. Бүгүнкү күндө коронавирус жете элек жалгыз эле облус калды — ал Талас облусу.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.