Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 339га жетти

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус дагы 41 адамда аныкталганын кабарлады. Алардын 18и Ош облусунун Ноокат районунда, 12 учуру Бишкекте, алтоо Ошто, үчөө Чүй облусунда жана экөө Нарын облусунда катталды.

Жаңы учурлардын 19у эркек киши, 22си аял. 18-марттан тарта өлкө боюнча жалпысынын 339 учур катталды — коронавирус 176 аялда жана 163 эркек кишин аныкталган. Алардын ичинен бешөө оорудан каза таап, 44ү айыгып ооруканадан чыгарылган. 290 адам стационарда калууда, алардын ичинен тогузу оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ошондой эле, бир сутка ичинде коронавируска чалдыккан медиктердин саны 12ге өстү. Алардын ичинен сегиз медкызматкер Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда жана үчөө Ош шаарында катталды. Жалпысынан өлкө боюнча медиктер вирус жугузуп алган 51 учур катталды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.