Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти

Республикалык штаб маалымдагандай Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирустун жаңы 42 учуру катталды — өпкө илдетин жуктургандардын 16сы медициналык кызматкер.

Алардын ичинен 10у Бишкекте, Ош жана Нарын облустарында тогуздан, Чүй облусунда алтоо, Ош шаарында беш, Жалал-Абад облусунда эки жана Баткен облусунда бир адам коронавируска чалдыкты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, коронавирусту жуктуруп алган медицина кызматкерлердин тогузу Бишкек шаарында, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында жана бирөө Баткен облусунда аныкталды.

Ушуну менен вирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти — алардын ичинен 224ү аял жана 195и эркек. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 91, Ош облусунда – 128, Ош шаарында – 59, Чүй облусунда – 27, Бишкек шаарында – 69, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6 899ду түздү — алардын 1 359у ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ал эми жалпысынан 25 654 адамдан анализ алынган, 13-апрелге 24 901 кишинин анализинин жыйынтыгы чыкты.

Коронавирус жуктурган 5 жаран каза болду, 67 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.