Депутат Айсулуу Мамашова: Карантин убагында гемодиализге муктаж 15 адам каза тапты

Депутат Айсулуу Мамашова гемодиализге муктаж болгон 15 бейтап карантин убагында каза болгонун парламенттин жыйынында билдирди. Мындан улам гемодиализ кызматын көрсөткөн медициналык мекемелерге компенсация төлөп берүүнү сунуштады. Анын айтымында, доллардын курсу өсүп бара жаткандыктан аталган кызмат да кымбаттаган.

«150 адам бюджеттик гемодиализ алганга кезекте турат. Булардын өмүрү бир эле гемодиализден көз каранды, өзүңүз билесиз […] Биздин гемодиализдик кызматтарды сунуштаган мекемелер реагенттерди, [керектелүүчү] каражаттарды чет өлкөдөн алып келишет. Ошон үчүн кандайдыр бир компенсация берилсин, гемодиализдик ооруканалар ушул каражаттарга муктаж болуп жатышат», — деп түшүндүрдү Мамашова.

Ал эми гемодиализ алган бейтаптарга Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал учурунда ооруканага барып келүүгө уруксат берилгени айтылган. Анткен менен гемодиализ алуучу бейтаптарга ооруканага барууда блок-посттордо тоскоолдуктар жаралып жатканын Диализ алган жана органдарын алмаштыргандын ассоциациясынын башчысы Венера Ташмамбетова кабарлаган. Анын айтымында, бейтаптар гемодиализ алуу тууралуу маалымкат жана маршруттук баракчаны көрсөткөнүнө карабастан комендатура кызматкерлери аларды өткөрбөй жатат.

Гемодиализ — канды диализ аппаратынын жардамы менен тазалоо процесси.

Кыргызстанда 1692 адам гемодиализге муктаж. Анын 1517инин процедурасы бюджеттин эсебинен каржыланат.