Парламент өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жарлыгын жактырды

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуунун маанилүүлүгү тууралуу сөзүнөн кийин Жогорку Кеңеш бул чечимди жактырды. Президент өзгөчө абал тартибин узартуу тууралуу жарлыкка бир күн мурда кол койгон болчу.

Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иштейт. Мындан тышкары, өзгөчө абал тартиби Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында киргизилген.

«Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган. Биздин адистердин анализи боюнча, Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү — апрель айынын экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатат», — деген жүйөлөрдү келтирди президент парламенттин отурумунда.

Мамлекет башчысы жыйынга чейин коронавирустун өлкөдө жайылышы боюнча маселени өкмөт башчысы, парламенттин спикери жана фракция башчылары менен да талкуулаганын кошумчалады.

«Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат. Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду», — деди президент. Ал жардамга муктаж болгондорго азык-түлүк берилип тураарын, ал эми маяна, пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында төлөнөөрүн убадалады.

Өзгөчө абал тартиби өлкөнүн үч ири шаары — Жалал-Абад, Ош жана Бишкекте — ошонодй эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 24-мартта киргизилген, ал эми коронавирус жуктургандардын биринчилери 18-мартта аныкталган.

Өзгөчө абал тартиби киргизилгенден тарта коменданттык саат иштей баштаган райондордо мыйзам талаптары күчөтүлүп, көчөгө жөндүү себептер менен гана чыгууга уруксат берилген. Беткапсыз жүрүү, карантинди бузуу же фейк таратуу үчүн штраф салынышы мүмкүн. Эгер бийлик же укук коргоо органдары маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешсе, анда аны тараткан адамга беш миң сомдон ашуун штраф сала алышат.

18-марттан бери өлкө боюнча 449 жуктуруу учуру катталган, алардын 98 — медиктер.