Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын 22 пайызын медкызматкерлер түздү

Өткөн сутка ичинде коронавирус дагы 5 медкызматкерде аныкталды — төрт учур Бишкек шаарында, бир учур Нарын облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

16-апрелге карата коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 104кө жетти. Бул жалпы бейтаптардын 22 пайызын түзөт. Коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинде дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер да бар.

«Жалпы анализдеп келгенде медициналык кызматкерлердин ичинде 29 дарыгер [коронавирусту] жугузуп алды, алар дарыланып жатышат. Орто медицина персоналдан 44, кичи медперсонал — 17 адам илдетке чалдыкты. Ошондой эле 14 адам бул биздин медициналык дарылоо мекемелеринде иштеп турган дагы башка кызматкерлер», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 466га жетти. Алардын ичинен 91 адам илдеттен айыгып, бешөө каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 872 адам жатат.