Видео: Муфтий Орозо айында таравих намазы үйдө окулаарын айтты

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев келе жаткан Орозо айына байланыштуу кайрылуу жасады. Анын айтымында, орозо өзгөчө абал убагына туш келип калгандыктан рамазандын шарттары өзгөрөт. Оозду мусулмандар үй-бүлөсү менен гана ачып, таравих намазы да үйдө окулат.

*Таравих намазы — Рамазан айында куптан (кечки) жана витр намазынын ортосунда окулуучу 20 рекет муаккад (зарыл) сүннөт намазы болуп саналат.

«Ушул карантиндин учуруна ыйык рамазан айыбыз туш келип калып атат, рамазан айында орозону тутуу баарыбызга милдеттүү фарз. Рамазан айында орозону биз үйдө кармайбыз, жана ооз ачууларды дагы аял бала-чакаларыбыз менен чогуу үйдө кылабыз. Таравих намазын дагы абал турукташканга чейин үйдө окуйбуз. […] Биз бул кырдаалды, бул кыйынчылыкты кудай буюрса жеңебиз. Бири-бирибизди туура түшүнүп, бири-бирибизге жардам берип, тартиптүүлүктү бекем сактап гана биз муну жеңе алабыз буюрса», — деп билдирди муфтий кайрылуусунда.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Клоопко» Орозо айынын качан башталаары так билине элек дейт.

Өлкөдө коронавируска байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Аталган аймактарда тургундар атайын өткөрмө барактары жок жеке унаалары менен жүрө алышпайт. Ошондой эле аларга көчөгө саат эртең мененки 6:00дөн кечки саат 21:00гө чейин үч себеп менен гана чыгууга уруксат берилген — дарыканага, дүкөнгө жана ооруканага.

16-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 466га жетти. Вирус шарттаган илдеттен 5 адам каза тапты, 91 адам айыкты.