Бишкектеги № 17 ҮМБ дезинфекцияга жабылды — ал жакта төрт медик коронавирус жуктурган

Бишкектин түштүк-батышындагы № 17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) төрт медикте коронавирус аныкталды — эми поликлиника дезинфекцияланат.

«Поликлиника дезинфекция өткөрүү үчүн эки күнгө жабылды. Тазалап туруп кайра ачабыз», — деп билдирди Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун (БҮМБ) директору.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк медицина борборунун коронавируска чалдыккан дарыгерлери обсервацияга алынды.

Врачтар эмне деп жатышат?

БҮМБдан коронавирус жуктурган врачтар обсервацияга жаткырылганын билдиришкени менен ЖМКда бир аз башкача маалымат кабарланууда.

Govori.TV инфекция жуктуруп алган медиктерге таянып, дарыгерлерди обсервацияга алуу маселеси дагы деле чечилип жататканын билдирүүдө.

«Учурда биз үйгө баргандан да коркуп жатабыз, жакындарыбызга жугузуп албайлы деп. Башкы даарыгерибиз маселени чечүү аракетин көрүп жүрөт. Кечээтен бери байланышта болгондордон анализ алына элек. Карантин, обсервация маселеси да чечилбей жатат. Биз баарына макулбуз, үй карантин десе да, обсервацияга алса да. Азыр белгисиз болуп жатат, мындан улам үйлөрүбүзгө да бара албайбыз, жакындарыбызга жугузуп алуудан коркуп турабыз», — деп айтышкан медиктер.

Ал эми поликлиниканын башкы врачы Гүлнара Ташибекова «Кактуска» курган маегинде ызы-чуу салып жатып врачтарды коронавируска текшерткенин айткан.

«Мен жаңжал салып атып текшерттим. Ошентип, төртөөнүн анализи оң жыйынтык көрсөтүп жатат», — деди башкы врач.

Ташибекованын айтымында, медиктер буга чейин Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышта болушкан. Мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдүн 25 кызматкери коронавирус жуктуруу шеги менен ооруканага жаткырылган, алардын ичинен төртөөндө диагноз аныкталган.

«Мен инфекциялык ооруканага түшүп калган санэпидемкөзөмөлдүн ооруп калган алгачкы кызматкерлери тууралуу угуп, коңгуроо кага баштадым: бардык жерге чала баштадым, анткени борбордун эпидемиологдору (биринчи жуктургандардын кесиптештери) биздин поликлиникада иштешкен. Алардын бирөөсү мага карантинде экенин ырастады», — деп билдирди ал.

Ташибекова поликлиниканын бир кызматкерин инфекциялык ооруканага алып кетишкенин айтууда.

«ҮМБнин бир кызматкерин кечээ түнчүндө пневмония менен инфекциялык ооруканага алып кетишти. Мындан тышкары, бизде дагы үч дарыгер бар: алардын баарында ПЦР анализ оң жыйынтык берген. Экөөсүндө пневмония», — деп айтып берди ал.

№ 17 ҮМБнын башкы дарыгеринин айтымында, медиктер акыркы 60 күндөн бери алынын барынча, эс алуу жана уйкусуз иштеп жатышат. Ал өз поликлиникасынын врачтарын жеке коргонуу каражаттары менен камсыздаганын билдирди.

«Кызматкерлер шыктануу менен иштеп жатышкан болчу. Эми биз менен ушундай кылып коюшту. Мен бардык жерге арыз жазам. Азыр поликлиника жабылды. Бейтаптарды ким карап, дарылайт эми?» — дейт Ташибекова.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган медиктердин саны 116ка жетти. Алар: врачтар, орто жана кенже медперсонал, эпидемиологдор, Саламаттык сактоо министрлиги менен санэпидемкөзөмөлдүн кызматкерлери. Алардын ичинен 40 адам Бишкекте.

Бийлик инфекцияга чалдыккан медиктерге кенемте төлөп берүүнү убадалаган — вирус жуктуруу учуруна 200 миң сом, каза табуу учуруна бир миллион сом.

17-апрелге карата, коронавирус жуктуруунун 489 учуру катталган. Алардын 370и ооруканаларда дарыланууда, 114 адам айыгып ооруканадан чыгарылган, дагы бешөө каза тапкан.