Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 23 бейтап айыкты

Cүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда коронавирустан дагы 23 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылганын Саламаттык сактооо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде кабарлады. Ош шаарынан — 7, Бишкекте— 9, Жалал-Абад облусунда — 7 бейтаптын кайталап жасалган анализдери терс жыйынтык көрсөтөн.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 114 адам өпкө илдетинен айыкты.

Ал эми 17-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 23 учуру катталды — жалпысынан 489 учур. Ооруканаларда 370 адам жатат — алардын 13ү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 4 бейтап жатат.