Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 506га жетти — жаңы 17 учур катталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-апрелдеги брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 17 учуру катталганын маалымдады.

Өпкө илдетин жуктургандардын арасынан Нарын облусунда 11, Ош облусунда 5 жана Ош шаарында бир адам коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен COVID-19 вирусун жуктуруп алган жарандардын саны 506га жетти — анын 116сы медицина кызматкери. Ооруга чалдыккандардын 270и аял, 236сы эркек. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 140, Ош шаарында – 74, Чүй облусунда – 28, Бишкек шаарында – 102, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 56, Ысык-Көл облусунда – 8.

Инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен беш киши каза таап 130 киши айыкты. Ооруканаларда бүгүнкү күндө 371 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алты бейтап которулду.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7 738ди түздү — алардын 1663ү ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү, калгандары байланышта болгон адамдар.

18-апрелге карата 31 460 адамдан анализ алынган, алардын 30 868нин жыйынтыгы чыкты. Бир сутканын ичинде 1 850 анализ жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.