Кыргызстанда бир сутканын ичинде коронавирустан 68 адам айыкты

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирустан дагы 68 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылганын маалымдады.

Эң көп бейтап Ош облусунда айыкты — 42 адам. Бишкек шаарында 10 , Ош шаарында 7, Жалал-Абадда 7, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 201 адам COVID-19дан айыкты.

Ал эми Кыргызстанда жалпысынан 568 адамда коронавирус аныкталды. Ооруканаларда 360 адам жатат. Алардын он алтысы оор абалда — оорукананын жандандыруу бөлүмүнө сегиз бейтап которулду. Өлкө боюнча коронавирус жуктурган жети киши каза тапты.