Москва: Баласын сабаган кыргызстандык эки айга камакка алынды

ИИМдин басма сөз кызматы Москвада өз баласын сабаган кыргыз жаранына карата «Уруп-согуп кыйноо» жана «Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда батирде уулун физикалык көнүгүү жасабагандыгы үчүн биринчи колу, андан кийин буту менен тээп, андан соң темир чуук менен чаап жатканы тартылган атанын видеосу пайда болгон.

Кийинчерээк баланын атасы «үй-бүлө бактылуу» жашап атканын жана «бала эч нерсе сезбегенин» айтканы тартылган видео чыккан.

«Маанайы жокпу же эркеледиби эмне болгонун билбейм, айтсам, "жасагым келбей жатат" деп туруп алган. Мен өтө катуу сабаган эмесмин, акырын эле булчуңга, жамбашка шапалак менен ургам. Кантип өз баламды катуу урайын деген оюм болсо, бир чапканда эле бир жери сынып же бир нерсе болмок да», — деп билдирген ал.

Мындан тышкары, баланын атасы өкүнүп жатканын айтып, «ким эле баласын урбайт, ким эле баласын жаман болсун дейт? Мен бирөөнүн баласын урган жокмун» деген жүйөөлөрүн келтирген.

Ал видео жайылып кеткенден кийин «жаман акыбалда» калганын кошумчалаган.

Үй-бүлө Москвага өткөн жылы күзүндө эмгек миграцияга келишкен. Жубайлардын үч баласы бар. Учурда сабалган баланын энеси төртүнчү ымыркайын күтүп жатканы айтылды. Ал видеокайрылуу жасап, жолдошу камалып кете турган болсо балдарын ким багаарын айтып коомчулуктан күйөөсү үчүн кечирим сураган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өтө каттуу сабаган эмесмин». Москвада уулун ур-токмокко алган кыргызстандык үн катты