«Өтө каттуу сабаган эмесмин». Москвада уулун ур-токмокко алган кыргызстандык үн катты

«Физикалык көнүгүү жасабаганы үчүн» уулун сабаган Эмил Пирназаров «Спутник» басылмасына окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, уулун «өтө каттуу сабаган эмес», ал спорт мектепте окугандыктан карантинде үйдө машыктырып турган.

Бирок соцтармактарга жарыяланган тасмада ал жаш баланы башына ургулап, буту менен тепкилеп, темир чуук менен сабаганын көрүүгө болот.

«Маанайы жокпу же эркеледиби эмне болгонун билбейм, айтсам, "жасагым келбей жатат" деп туруп алган. Мен өтө катуу сабаган эмесмин, акырын эле булчуңга, жамбашка шапалак менен ургам. Кантип өз баламды катуу урайын деген оюм болсо, бир чапканда эле бир жери сынып же бир нерсе болмок да», — деп билдирди ал.

Пирназаров биринчи класста окуган баласны темир чуук менен бут жагына «акырын ургам» деп ишендирет. Ал эми уулун муунтканын четке какты. Бирок соцтармактарга жарыяланган сүрөттөрдө баланын мойнунда кызыл тактарды көрүүгө болот.

«Жок, мен аны көкүрөгүнөн кармап тартып бул жерге келип жаса деп жаткам. Аны муунткан эмесмин. Өзүмдүн жаш баламды кантип ошентип калайын», — деп түшүндүргөн ата тасма соцтармактарга жайылып кеткенден кийин «жаман абалга» туш болгонун айтууда.

Расмий маалыматына ылайык, аталган факт Орусиянын ИИМинин Москва шаарындагы Кунцево району боюнча бөлүмүндө катталды. Милиция кызматкери жана Кыргызстандын ИИМинин өкүлү окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн үй-бүлө жашаган дарекке барышкан.

Үй-бүлө Москвага өткөн жылы күзүндө эмгек миграцияга келишкен. Жубайлардын үч баласы бар. Учурда сабалган баланын энеси төртүнчү ымыркайын күтүп жатканы айтылды. Ал видеокайрылуу жасап, жолдошу камалып кете турган болсо балдарын ким багаарын айтып коомчулуктан күйөөсү үчүн кечирим сурады.

Учурда ИИМ Орусиянын полициясы менен биргеликте аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүргүзүп жатат.