Орозо айында фитир-садака муфтияттын банктык эсебине которуулар аркылуу жыйналат

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2020-жылдагы фитир-садаканы берүүнүн электрондук системасын иштеп чыкты. Мекемеден билдиришкендей, жарандар зекетти муфтияттын эсебине РСК банктын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинг аркылуу которушса болот.

*Садака-фитир — Орозо айы учурунда ар бир мусулман тамак-аш (же анын акчалай эквиваленти) менен белгилүү өлчөмдө берилүүчү милдеттүү жардамы. Садака-фитирдин өлчөмүн Орозо айынын башында муфтият белгилейт.

Ал эми башкармалыктын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Клоопко» билдиргендей, Орозо айында фитир-садака үчүн жарандардан келип түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен муктаждарга таратылып берилет.

«Орозо айы убагында муктаж болгон жарандардан атайын арыздар келип түшөт. Аларды комиссия 3 топко бөлүп, муктаждыгына карай бөлүштүрөт. Рамазан бүткөндө эсеп жабылып, топтолгон каражаттар он күндүн ичинде таратылып берилет», — деп түшүндүрдү Атабаев.

Бул жылы садака-фитирдин минималдуу өлчөмү 1,6 килограмм буудай, же болбосо 35 сомду түзөт. Бирок колунда бар адамдар садака-фитирди 3,2 килограмм курма же 1,6 килограмм мейиз (же болбосо алардын акчалай эквиваленти) менен берсе болот.

Быйыл Орозо айы 24-апрелде башталып, 24-майда аяктайт. Өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилгендиктен таравих намаздары жана ооз ачуулар бир гана үй-бүлө мүчөлөрү менен үйдө өткөрүлөт.

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Алардын ичинен 216 адам илдеттен айыгып, жетөө каза тапты.

ТЕМА БОЮНЧА: