Кыргызстанда Орозо айы 24-апрелден башталат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөдө Орозо айы 24-апрелде башталып, 24-майда аяктаарын жарыялады. Көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Ошондой эле орозодо берилүүчү садака фитирдин өлчөмү белгилүү болду.

*Садака-фитир — Орозо айы учурунда ар бир мусулман тамак-аш (же анын акчалай эквиваленти) менен белгилүү өлчөмдө берилүүчү милдеттүү жардамы. Садака-фитирдин өлчөмүн Орозо айынын башында муфтият белгилейт.

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бул жылы садака-фитирдин минималдуу өлчөмү 1,6 килограмм буудай, же болбосо 35 сомду түзөт. Бирок колунда бар адамдар садака-фитирди 3,2 килограмм курма же 1,6 килограмм мейиз (же болбосо алардын акчалай эквиваленти) менен берсе болот.

Садака-фитир мечиттерге же муфтиятка берилет. Кийинчерээк чогултулган садака жардамга муктаж болгон адамдарга бөлүнөт.

Буга чейин муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстан элине кайрылуу жасап, карантинге байланыштуу ифтарды ар бир үй-бүлө өз-өзүнчө өткөрөөрүн, таравих намазы үйдө гана окууларын айткан.

18-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 506га жетти. Алардын арасынан 130 бейтап айыгып, бешөө каза болду.