Бала бакчадагы кыргыз тил мугалимдери маяналары 50% азайтылганына даттанышты

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мектепке чейинки балдарды окуткан кыргыз тил мугалимдери депутаттарга, Билим берүү министрлигине жана кыргызстандыктарга кайрылуу жазышып, анда алар эмгек акылары 50 пайызга кыскарып кеткени тууралуу айтып беришти — эми окутуучулар эмгек стажына жараша 1400 сомдон 4300 сомго чейин маяна алышат.

«Эми мындан ары ушундай айлыкка иштейсиңер дейт. Ушундай оор кырдаалда 2500 сомго кантип балдарыбызды багабыз?» — деп суроо салышат алар.

Мугалимдердин айтымында, 2019-жылдын октябрына чейин кыргыз тил сабагын өтүү үчүн 3000 сомдон 5000 сомго чейин айлык алышкан, андан кийин 4300 сомдон – 7000 сомго чейин ала башташкан. Март айында маяна, карантин маалында эки эсе кыскартылган.

Мугалимдер үй-бүлөдө жалгыз киреше табышаарын жана 2500 сомго балдарын бага алышпаарын айтып арызданышууда.

«2500 сомго кайсы мугалим бала бакчага келип сабак берет? Азыр пол жуугуч да мындай айлык албайт. Азыр көптөгөн жаш мугалимдер көп баланы тарбиялашат. Үй-бүлө багуу алардын мойнуна жүктөлгөн. Үй-бүлө бул жакта турсун жеке адам өзү 2500 сомго 1 ай жашай алабы?» — деп жазышат алар кайрылуусунда.

Окутуучулар кайрылууда билдиришкендей, эгер алардын эмгеги ушунчалык төмөн баалана турган болсо, көбү бул кесиптен кетип калууга даяр.

«Биз кедей турмушта өмүр сүрүү үчүн билим алып, өзүбүздү билим берүүгө, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошууга арнаган жокбуз. Мектепке чейинки билим берүүдө ансыз деле кадр маселесинде бир катар чечилбеген чоң көйгөйлөр бар. Ал эми мындай айлык акы боло турган болсо көпчүлүк мугалимдер сүйгөн жумушун таштап, өзүн башка жерден издөөгө аргасыз болушат. Үй-бүлөнү багыш керек да!» — деп жазышат мугалимдер.

Биз Билим берүү министрлигине комментарий сурап кайрылдык — ал жактан жагдайды текшерип, кийинчерээк жоп беришээрин айтышты.