COVID-19дан дагы 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

Ноокат аймактык ооруканадан чыгарылган бейтаптардын бири. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-апрелдеги брифингде өлкөдө дагы 38 адам коронавирустан айыкканын кабарлады. Алардын ичинен Нарын облусунан эки, Ош облусунан 25, Ош шаарынан бир жана Бишкек шаарынан жети бейтап ооруканадан чыгарылды.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 254кө жетти. Ал эми 22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 22 учуру катталды — жалпысынан 612 учур. Ооруканаларда 351 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бешөө бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.