Коронавирус дагы беш медицина кызматкеринде аныкталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-апрелдеги брифингде дагы 5 медкызматкер коронавирусту жуктуруп алганын кабарлады. Алардын ичинен Бишкек шаарында үч, Ош шаары жана облусунда эки учур.

Илдетти жуктуруп алгандардын бирөө Ош шаарында, үчөө Бишкек шаарында жана бирөө Ош облусунда катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 162ге жетти. Бул жалпы бейтаптардын дээрлик 25 пайызын түзөт.

Ал эми жалпысынан 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинде 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кичи медперсонал жана 3 башка кызматкер бар.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алган болсо ага 200 миң сом кун каралган. Ал эми медкызматкер COVID-19дан каза тапса анын үй-бүлөсү 1 млн сом компенсация алат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 631ге жетти. Алардын ичинен 302 адам илдеттен айыгып, сегизи каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 914 адам жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Букада коронавирус жуктурган медкызматкерлер жетекчиликти айыптоодо