Кыргызстан коронавирус жуктуруунун жогорку чегине жетип калды — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басара Нурболот Үсөнбаев Кыргызстан жакын арада коронавирус жуктуруунун жогорку чегине жетет деп эсептейт.

«Айыккандар менен жуктуруунун жаңы учурларынын ортосундагы айырма тенденция теңдешип атканын жана биз жогорку чекке жетип атканыбызды айгинелейт», — деди Үсөнбаев.

Жогорку чек — бул жуктуруу учурлары басаңдап, медиктерге күч келүү акырындык менен азая баштаган убакыт.

Анткен менен Үсөнбаев жаңы жуктуруу коркунучу бар экенин, анткени адамдар «аралыкты сактабай жатышканын» айтты.

23-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруу учурларынын саны 631ге жетти. 308 бейтап ооруканадан чыгарылып, сегиз адам каза таап, 321 бейтап ооруканада жатат.

Ооруканада жаткандардын ичинен бешөө реанимацияда.