Олег Панкратов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мурдагы экономика министри Олег Панкратовду өзүнүн кеңешчиси кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы 23-апрелде Панкратов башка жумушка өткөндүгүн билдирди.

Панкратов бул кызматтан экономика министрлиги сынга кабылган шартта кеткен. Парламенттин депутаттары Панкратов ведомствону жетектеп турганда чет өлкөдөн Кыргызстанга келген инвестициялардын саны азайганын айтышкан.

Ошондой эле, парламентарийлер Панкратовду тамеки компанияларынын кызыкчылыктарын сүрөгөндүгү үчүн сынга алышып, анын экинчи паспорту бар деп айтышкан.

Анын экономика министрлиги кызматына дайындалышы да депутаттар тарабынан сынга алынган. Анда алар Панкратов экономика министринин кызматын ээлегенге моралдык укугу жок, анткени анын айынан кыргыз бизнесмендери Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүдө чоң чыгымдарды тартышкан деп айыпташкан.