Нарында коронавирус жуктургандардын көпчүлүгү Ат-Башынын тургундары

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Нарын облусунда 24-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алуунун тогуз учуру катталды — ушуну менен облус боюнча өпкө илдетине чалдыккандардын саны 83тү туздү.

Алардын эң көбү Ат-Башы районунда — 63 учур. Калган 10 — Жумгал, Кочкордо — 3, Нарын шаарында — 7 учур. Ал эми жалпысынан оорудан 9 адам айыгып чыккан. Алардын төртөө Нарын шаарынын, экөө Ат-Башы, бирөө Кочкор, экөө Жумгал райондорунун тургуну.

Нарын облусунда коронавирусту жуктуруунун алгачкы учуру 29-мартта катталган. Ооруну жуктуруп алган жаран Пакистанга дааватка барып, 15-мартта өлкөгө кайта келгени маалым болгон. Кийинчерээк ал үй-бүлөсү менен кошо дарылануудан баш тартып, милиция ага карата «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Облуста жуктуруу учурлары бир топ убакытка чейин беш адамдан ашпай турган, бирок 7-апрелден кийин ал жакта абал кескин өзгөрүп, мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол коюп, парламент аны колдогон.

Кыргызстан боюнча 24-апрелге карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 656га жетти. Алардын дээрлик жарымы айыгып, сегиз адам каза тапты.