Журналист жасалма өткөрмө кагазын сатуунун бетин ачууга жардам берди — Комендатура

Бишкектин комендатурасы жасалма өткөрмө кагаздары менен иштейт деген маалым кат саткан киши кармалганын кабарлады. Шектүүнү табууга атамекендик телеканалдардын биринин журналисти көмөктөшкөн.

Журналист «Спутникке» курган маегинде документтердин мыйзамсыз сатылып жатканын билээр замат милицияга кайрылганын айтып берген.

«Мага маалымат жеткенден кийин эле Кайгуул милициянын кызматкерлерине кайрылдым. Биргеликте иш алып барып, анын эртеси жасалма өткөрмө кагаз жасаган жигит менен жолукмай болдук. [...] Жолугушууга башка бир адамды жибердик. Ал документти папкасынан чыгарып жаткан жеринен барып кармап, ШИИБге алып келишти», — деп билдирген журналист.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 24-апрелдеги брифингде билдиргендей, кармалган адам жасалма өткөрмө кагаздарын 1500 сомдон сатып жүргөн. Андан жасалма мөөр, клише жана өткөрмөлөр алынган.

«Керектүү экспертизалар дайындалды. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу кийинчерээк билдиребиз», — деди ал.

Коменданттын айтуусу боюнча, өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта жалпысынан 1458 кылмыш жасалып, алардын 1326сынын бети ачылган.

Борбор калаадагы жана өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда ӨА тартиби экинчи жолу узартылып жатат. Азыр ал 30-апрелге чейин иштейт. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин кабарлагандай, 20-24-апрелдерде Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун жогорку чеги күтүлүүдө, андан кийин жуктуруу учурларынын саны жана медиктерге карата күч келүү акырындан төмөндөшү керек.

24-апрелге карата республикада коронавирус жуктургандардын саны 656га жетти, анын ичинен 147 адам Бишкекте катталган.

Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 8 адам каза таап, 322 бейтап оорукандан айыгып чыгарылды.