Бишкекте үч медикке коронавирус жукту

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Бишкекте үч медик коронаврус жуктурганын билдирди. Жалпысынан сутка ичинде Бишкекте төрт жуктуруу учуру катталды (дагы бешөө өлкө бонча) — демек жуктурган медиктерден тышкары дагы бир бейтап бар.

Жалпысынан коронавируска чалдыккан медиктердин саны 175ке жетти. Аларга 200 миң сом кенемте жана инфекциядан каза тапкан учурда млн сом компенсация берилиши керек.

Өлкөдө COVID-19 аныкталган учурлардын саны 665ке жетти — бул каза тапкан сегиз адамды жана айыгып чыккан 345 бейтапты кошкондогу көрсөткүч. 312 адам ооруканада калууда, ал эми реанимацияда алты адам бар.

Жуктуруу учурларынын көбү Ош облусунда — 157 жуктуруу учуру, дагы 108 учур Ош шаарында.

Бишкекте 151 жуктуруу учуру бар, ал эми Чүй облусунда 43. Кээде Чүй облусундагы бейтаптар Бишкекке которулуп келет, өзгөчө бул алар оор абалда болуп атканда болот.

Жалал-Абад облусунда 109 жуктуруу учуру бар, ал эми Баткен облусунда алты учур, Нарын облусунда 83 учур катталган. Ысык-Көл облусунда сегиз учур аныкталган. Пандемия башталгандан бери Талас облусунда коронавирустун бир да учуру катталган жок.