Өлкөдө дагы 23 адам коронавирустан айыкты

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19га чалдыккан дагы 23 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын тапшырган тесттери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылган — бирок бул аларда коронавируска иммунитет бар дегенди билдирбейт.

Айыгып чыккандар дагы да болсо ден соолугуна кам көрүп, карантин эрежелерин сакташы керек, себеп дегенде дүйнөдө кайрадан жуктуруп алуу учурлары катталууда.

Ооруканадан айыгып чыккандар эки апта үй карантининде болушу абзел.

Жалпысынан республикада коронавирустан 345 адам айыкты — ал эми жуктуруп дарылануудан өтүп жаткандардын саны 312 бейтап. Демек, айыккандардын саны жуктургандардан ашты — бул жакшы тенденция. Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан коронавирус жуктуруунун жогорку чегине жетип калганын, андан кийин жуктуруулар басаңдап, медиктерге артылып аткан жүк жеңилдээрин билдирген.