Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 665 адамга жетти — жаңы 9 учур катталды

Саламаттык сактоо министрлиги 25-апрелге карата коронавирус жуктуруунун тогуз жаңы учуру катталганын билдирди — Бишкек жана Ошто төрттөн учур, дагы бирөө Чүй облусунда.

Жалпысынан өлкөдө жуктургандардын саны 665ке жетти — бул каза тапкан сегиз адамды жана айыгып чыккан 345 бейтапты эске алгандагы көрсөткүч. Учурда 312 адам ооруканада калууда, ал эми алты адам реанимацияда.

Айыккандардын саны жуктургандардын санынан ашты. Бул жакшы тенденция — буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жакын арада Кыргызстан жуктуруунун жогорку чегине жетип, андан соң басаңдоо башталаарын, тагыраагы, жуктургандардын саны азайып, медиктерге артылып аткан жүк жеңилдей турганын айткан.