Өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы 17 учуру катталды

Акыркы бир сутка ичинде ооруканаларга коронавируска чалдыккан 17 адам жаткырылды. Алардын жетөөсү Бишкекте, Ош шаарында жана Чүй облусунда бирден, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында экиден адам катталды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 адамга жетти — алардын ичинен 370и айыгып, 8 адам каза тапкан. 304 адам ооруканаларда дарыланууда, алтоосу жандандыруу бөлүмүндө.

Бишкек жана Ош облусу коронавирус жуктуруу фактыларынын саны боюнча дээрлик теңелип калды — 158 жана 159 учур.

Жалал-Абад облусунда жалпысынын 111, Баткен облусунда сегиз, Ошто 109, Нарын облусунда 85, Чүй облусунда 44 жана Ысык-Көл облусунда сегиз жуктуруу учуру катталган, ал эми Талас облусунда вируска чалдыккандар жок.