Ош облусунда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондор текшерилүүдө

Республикалык штаб маалымдагандай, 25-апрелден тарта Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондоруна дарыгерлердин мобилдик топтору жөнөтүлдү. Медиктер аталган аймактарда коронавируска чалдыккан жарандар менен байланышта болуп, үй карантинине алынган бейтаптарды текшеришет.

Аталган жарандардын дене табы өлчөнүп, тиешелүү анализдер алынып жатат. Мындан сырткары тургундар үй карантиндин талаптарын сактап-сактабаганы да текшерилүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, дарыгерлердин мобилдик бригадалары үй карантинде болгон Ош облусунун 11 898 тургунун кароодон өткөрүштү. Алардын ичинен 9 138 жаран үй карантин көзөмөлүнөн чыгарылды.

Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет 301 жаранды, Чоң-Алайда оорулуулар менен байланышта болгондордун баары текшерилгени кабарланды.

Өлкө боюнча 27-апрелге карата коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 695 адамга жетти. Алардын 395и оорудан айыгып, сегизи каза болду. Учурда ооруканаларда 292 адам дарыланууда — алардын жетөөсү жандандыруу бөлүмүндө.