Кыргызстанда дагы эки медкызматкерден коронавирус аныкталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-апрелдеги брифингде өткөн сутка ичинде коронавируст дагы эки медкызматкерде аныкталганын билдирди. Экөө тең Нарын облусунандагы Жумгал районунда. Өпкө илдетин жуктуруп алгандардын бирөөсү дарыгер, бирөөсү кичи медперсоналдан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 185ке жетти. Ошол эле учурда 31 медик айыкты. Өпкө илдетине чалдыккандардын 30 пайызы дарыгерлер. Ошондой эле алардын арасында орто медперсонал, кичи медперсонал жана башка кызматкерлер бар.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен сегизи каза таап, 416 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.