Ошто эки милиционер тарабынан сабалганын айткан тургун прокуратурага арыз жазды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Ош шаарынын тургуну Батырбек Сабиров 25-апрелде эки милиционер тарабынан сабалганын билдирди. Анын айтымында, ал досу менен чогуу анын карызын өндүрүү максатында кафелердин биринин кожоюнуна барышканда ур-токмокко алынган.

«Максим (кафенин кожоюну) менен бирге эки милиция кызматкери чай ичип отуруптур. Столдун үстүндө бир аз калган ачылган коньяк. Ал аласа акчаны “Бербейм, колуңдан келгенин кыл. Кыргызстанда кызыл шапкечендер менен каралар жанымда болсо, мен эч нерседен коркпойм. Ишенбесеңер кафенин ичинде милициянын эки начальниги отурат” деп күлүп койду. Анан мен арданып кеттим. Милицияларга бул боюнча айтсам “жакшы болуптур” деп орой жооп беришти. Ортодо ошентип пикир-келишпестик жаралып кетти», — деп айтат Сабиров «Т-Медиа» басылмасына курган маегинде.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кабинага алып кирип, уруп коркутушкан. Андан кийин карантиндин эрежелерин бузган адам катары Ак-Буура милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жактан чыгып Сабиров прокуратурага арыз жазганын кабарлады.

Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев Сабировдун арызы Ош ШИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталганын ырастады. Ал тергөө иши шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилип, ИИМдин Ички иликтөө кызматы да териштирүүнү баштаганын кабарлады.

Аширбаевдин айтымында, Сабиров постто турган Ак-Буура бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана кызматкерине каршы арыз жазган. Бирок милиционерлер айыптоолорду четке кагып жатышат дейт.

«Арыз жазганына 3 күн болуп калды. Тиешелүү документтерди топтоп юридикалык баа берүү үчүн материал шаардык прокуратурага жөнөтүлгөн. Ал жерде криминалдык эч нерсе болгон эмес. Кафенин жанында пост болгон. Обед учурунда тамактанышы мүмкүн, бирок ичкилик ичишкени далилденген жок. Арыз жазылганда эле наркологиялык-психотроптук заттарга текшергенде экөөнүн анализи тең таза чыккан», — деди Аширбаев.

Комендатурадан эки милиционер тең иштеп жатышканын айтышты. Мунун себебин алардын күнөөлөрү далилдене электиги жана тургунга дайындалган медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электиги менен түшүндүрүштү.

Башкы прокуратурадан Сабировдун жазган арызы боюнча маалыматты тактап берүүнү убада кылышты. Бирок материал жары көрөөр алдында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.