ӨА режиминде ишти жандантуу үчүн компаниялар өткөрмө барактарын алышы керек — вице-премьер

Экономикалык блок боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелде ӨА режими 10-майга чейин узартылганына карабай айрым экономикалык ишмердиктин түрлөрү жанданаалын билдирди.

1-майдан тарта ишмердүүлүктүн 8-9 түрү жанданат — өнөр-жай ишмердигинин бардык түрлөрү, курулуш сектору, курулуш жана азык-түлүк маркеттери, анын ичинде айрым талаптарды коюу менен такси кызматтары да бар.

Анын айтымында, ишмердиктин биринчи кезекте ишке киргизилиши керек болгон түрлөрү бир нече критерий боюнча аныкталган. Алар: байланышуу аркылуу коронавирусту жайылтуу коркунучу, санитардык нормаларды сактоо мүмкүнчүлүгү.

«Аларды өткөрмө кагаздары менен камсыздоо маселеси турат, өткөрмөлөр менен камсыздоо үчүн убакыт аз калды. Башында белгилеп койгум келет, өткөрмө алууда кайрылууңуздар кечеңдетилиши мүмкүндүгүн түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз», — деди Асрандиев.

Анын айтуусу боюнча, өткөрмө кагаздарын жол-жоболоштуруу үчүн комендатура күнү-түнү иштөөгө даяр. Мындан тышкары, өкмөт салык кызматынын жана башка органдардын кызматкерлерин да бул жумушка тартат жана алар бизнес-ассоциациялар менен байланышып, алардан мекемелердин тизмесин алышат.

Ал өткөрмө кагаздары электрондук система боюнча берилээрин билдирди. Ал системада нускама жана керектүү документтердин тизмеси бар болот.

20 миңге чукул сурам келет деп күтүлүүдө. Өткөрмө кагазын бул шилтеме аркылуу өтүп жол-жоболоштуруп алса болот.