ТИМ чет жакта жүргөн мекендештерди ошол өлкөлөрдөн чыкпай турууга чакырды

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев 29-апрелдеги брифингде чет өлкөдө болуп, Кыргызстанга кайта албай жаткан мекендештерге кайрылды. Аткаминер аларды кырдаал турукташканга чейин учурда жайгашкан өлкөлөрдөн чыкпай турууга чакырды.

«Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды ден соолугун тобокелчиликке салбаш үчүн турган жеринде калууга чакырабыз. Жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери иштеп жатат, алар мекендештерге жардам көрсөтүүгө же кеп-кеӊеш берүүгө даяр», — деди Ниязалиев.

Ниязалиев билдиргендей, көптөгөн өлкөлөр COVID-19ду жайылтпоо үчүн шаарлардын ортосундага авиа каттамдарды токтотуп койгон, ошол себептен учурда жарандарды мекенине алып келүү кыйын жана коопсуз.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы тутангандан бери Орусиядан, Түркиядан, БАЭден жана башка чет өлкөлөрдөн мекенине 7888 кыргызстандык кайтып келген.

Анткен менен, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө жүргөн 8 миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайткысы келет. Жакынкы чартердик каттам 3 жана 10-майда БАЭден келүүсү күтүлүүдө.

«Чартердик каттамдарды уюштуруу үчүн ар башка өлкөлөрдүн ТИМдеринин ортосунда гана эмес, транспорт министрликтеринин, аэропорттордун, авикомпаниялардын, жарандык авиация агенттиктеринин, андан тышкары учак өтө турган үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талап кылынат», — деди ал.

Аткаминер бийлик чет өлкөдөгү жарандарга жардам берип жатканын билдирди. Каражатсыз калган кыргызстандыктарды камсыздоо үчүн бөлүнгөн акчалардын баары көзөмлгө алынат.