Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 746га жетти

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 17 учуру катталганын кабарлады — алардын төртөө медкызматкер.

Чүй облусунда 9, Бишкекте 3, Ош облусунда 2, Ош шаарында, Жалал-Абад жана Нарын облустарында бирден адамда коронавирус шарттаган инфекция аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 746га жетти. Өпкө илдетинен жалпысынан 462 адам айыгып, сегиз бейтап каза тапты.

Коронавирустун эң көп учуру Ош облусунда катталды — 274 учур. Анын 111и Ош шаарында аныкталды. Бишкек шаарында 181 адам коронавируска чалдыкты.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 114 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 95 адамды түздү. Чүй облусунда илдет 61 адамдан табылды. Ысык-Көл облусунда 10 жана Баткен облусунда 9 учур катталды. Талас облусунда бүгүнкү күндө коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Учурда ооруканаларда 276 адам калууда. Алардын он экиси оор абалда — алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 864 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3 086ны түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле 30-апрелге чейин жалпысынан 51 592 адамдан анализ алынган. Алардын 51 472синин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.