Кыргызстанда коронавирус жуктурган 462 адам айыгып ооруканадан чыгарылды

Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Өткөн сутка ичинде өлкөдө коронавирустан дагы 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 30-апрелде маалымдады.

Өпкө илдетинен айыккандардын эң көбү Бишкекте катталды — 8. Нарын облусунда 6, Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 462ге жетти. Бул инфекцияны жуктуруп алгандардын дээрлик 62 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирустун жаңы 17 учуру катталды — жалпысынан 746 учур. Ооруканаларда 276 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алты бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.