Кыргызстанда дагы үч медкызматкерден коронавирус аныкталды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 1-майдагы брифингде өткөн сутка ичинде коронавирус дагы үч медкызматкерде аныкталганын билдирди. Бишкекте эки, Нарын облусунда бир учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 198ге жетти — алардын 114ү илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 756га жетти. Алардын ичинен сегизи каза таап, 504 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.