Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 756га жетти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 1-майга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 10 учуру катталганын кабарлады — алардын үчөөсү медкызматкер.

Бишкекте 5, Ош облусунда 3, Баткен жана Нарын облустарында бирден адамда коронавирус шарттаган инфекция аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 756га жетти. Өпкө илдетинен жалпысынан 504 адам айыгып, сегиз бейтап каза тапты.

Коронавирустун эң көп учуру Ош облусунда катталды — 277 учур. Анын 111и Ош шаарында аныкталды. Бишкек шаарында 188 адам коронавируска чалдыкты.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 114 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 96 адамды түздү. Чүй облусунда илдет 61 адамдан табылды. Ысык-Көл жана Баткен облустарында 10дон учур катталды. Талас облусунда бүгүнкү күндө коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Учурда ооруканаларда 244 адам калууда. Алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 874 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3139ду түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле 1-майга чейин жалпысынан 53 140 адамдан анализ алынган. Алардын 52 748инин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.