Коронавирус жуктурган 23 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн сутка ичинде коронавирус жуктурган 23 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

2-майга карата өпкө илдетинен айыккандардын эң көбү Наарын облусунда катталды — 11 бейтап. Ал эми Бишкекте — 9, Ош облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 527ге жетти.

Кыргызстанда COVID-19дун жалпысынан 769 учуру катталды. Ооруканаларда 234 адам калууда — алардын бешөө жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми коронавирус жуктурган сегиз адам каза тапты.