Кыргызстанда коронавирус жуктурган бейтаптардын 70 пайызы айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 4-майдагы брифингинде коронавирус жуктурган дагы 11 жаран айыкканын маалымдады. Ооруканадан чыгарылган бейтаптардын кайталап жасалган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Өпкө илдетинен айыккандардын жетөөсү Бишкекте, төртөө Нарын облусундагы ооруканалардан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 575 адамга жетти. Бул инфекцияны жуктуруп алгандардын дээрлик 70 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 4-майга карата коронавирустун жаңы 35 учуру катталды — жалпысынан 830 учур. Ооруканаларда 245 адам калууда — алардын он үчү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.