Ошто ооруканадан үйүнө кайткан аялдын посттон өтө албай калганы боюнча териштирүү жүрүүдө

Социалдык тармактарда аял Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишиндеги блокпосттон өтө албай, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине нааразычылык билдирип жаткан тасма тарады.

Видеодогу аял ооруканадан кайтканын, бирок тиешелүү документтери болгонуна карабасаттан постто тургандар күйөөсү экөөнү үйлөрүнө карай өткөрбөй жатканын айтууда.

«Мен жаңы эле ушул жактан ооруканага өттүм. Эми мени эмнеге үйүмө өткөрбөй жатасыңар? [...] Комендант Малик [Нурдиновдун] сүйлөгөнү калп эле экен. Муктаждар ооруканага өткөрмө кагаз жок өтө бергиле деп айтат. Бирок унааны өткөрбөй жатышат», — деген тасмага тарткан аял.

Тасмада Ош ШИИБинин башчысынын орун басары Алишер Бахрамовду да көрүүгө болот. Ал аял посттон өтө берүүсүн айткан. Бирок аял посттогулар күйөөсүн урушкандыктан ал «коркуп» кетип калганын айтып ыйлаган. Ошондой эле ал рак менен ооруганын айтып, жанына күйөөсүн же тез жардам унаасын чакырып берүүнү талап кылган.

Оштун комендатурасынын маалымат борбору аялдын айткандарын четке какты. Маалыматка ылайык, бул пост Ош шаары жана Кара-Суу районунун ортосунда Шейит-Төбө аймагында жайгашкан — ал Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына таандык.

Комендатуранын алдын ала маалыматына караганда, окуя 1-май күнү болгон. Аталган аялдын күйөөсү карама-каршы тилкеде айдап, посттон кезексиз өтүп кетүүгө аракет кылгандыктан өткөрүлгөн эмес.

«Ошол учурда аялы күйөөсү менен дагы араздаша кетип, күйөөсүнүн посттон өтө албагандыгын, анын алсыздыгын эскертип, анын адамдык намысына тийген сөздөрдү айткан. Натыйжада, экөө араздашып, күйөөсү аялын постко таштап кетип калган», — деп жазылган комендатуранын билдирүүсүндө.

Комендатурадан бул окуя боюнча текшерүү башталганын маалымдашты. Постто турган кызматкерлер тарабынан өз милдетин аткарууда кемчиликтер аныкталса, алар жоопкерчиликке тартылаары айтылды.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган. Аталган аймактарда жеке унаалардын кыймылына чектөө киргизилген. Бирок ооруканага барып-келүүдө эч кандай тоскоолдук жаралбайт деп кабарланган.